ˆ˚ˇ˘˙ ˘˙ - not.kgnot.kg/wp-content/uploads/2017/01/17.pdf18 ˜˚˛˝˙ˆˇ˘ ˝ˆ ˆˇ˙ ˆ...

7
17 I. Технические науки Таш Узгенского района, ряд сел Баткенской области, село Араван Араванского района и др.), где потребляемая из колодцев и артезианских скважин вода - соленая. Ее необходимо опреснять. Все это, несомненно, даст не только экономический, но и социальный эффект - улучшится здоровье населения. Как показывает практика, это существенно снижает мочекаменное заболевание населения. Литература: 1. Пат. 1825 Кыргызская Республика, МПК F 24 J 2/42. Солнечная опреснительная установка [Текст] / А. И. Исманжанов, З. К. Эрмекова; Бишкек. – Бюлл. №2. 2. Байрамов, Р. Опреснение воды с помощью солнечной энергии [Текст] / Р. Байрамов, С. Сеиткурбанов. – Ашхабад, Ылым. – 1977. – 147 с. УДК:371.3057,875. Токтосунов А.А. кандидат педагогических наук, доцент, Ошский технологический университет Токтобаева Г.Т. преподаватель, Ошский технологический университет ИНЖЕНЕРДИК ГРАФИКА САБАГЫН ОКУТУУНУН УЧУРДАГЫ КӨЙГӨЙЛӨРҮ Бул макала техникалык жогорку окуу жайларда инженердик графика сабагын окутуудагы көйгөйлөргө жана анын чечүү жолдорун аныктоого багытталган. Мында, компьютердик программаларды үйрөнүү жана талдоо усулдары колдонулган. «Инженердик графика» сабагындагы тапшырмаларды аткаруу үчүн AutoCAD программасын пайдалануу максатка ылайыктуулугу көрсөтүлгөн. Алынган жыйынтыктар, инженердик-техникалык документтерди компьютердик программалардын жардамында аткарууда жеңилдиктерди жаратат жана аталган окуу жайларында инженердик графика сабагын терең өздөштүрүүгө, жаңыча усулда сабак берүүгө жакшы шарттарды жаратат. Негизги сөздөр: графика, AutoCAD программасы, техникалык чийме, конструктордук документ, технология, тиштүү дөңгөлөк, массив, көрүнүш. СОВРЕМЕННЫЕ ПРОБЛЕМЫ ПРЕПОДАВАНИЯ ИНЖЕНЕРНОЙ ГРАФИКИ Данная статья посвящена изучению и решению проблем преподавания инженерной графики в технических вузах. Использованы методы обзора и анализа компьютерных программ. Определено целесообразность применения компьютерных программ AutoCAD для выполнения заданий по дисциплине “Инженерная графика”. Полученные результаты позволяют легко выполнят инженерно-техническую документация с помощью компьютерных программ. Рекомендуются для разработки новых методов преподавания инженерной графики в технических вузах на основе компьютерных программ. Ключевые слова: графика, AutoCAD, технический чертёж, конструкторская документация, технология, зубчатое колесо, массив, вид. MODERN PROBLEMS OF TEACHING OF ENGINEERING GRAPHICS

Transcript of ˆ˚ˇ˘˙ ˘˙ - not.kgnot.kg/wp-content/uploads/2017/01/17.pdf18 ˜˚˛˝˙ˆˇ˘ ˝ˆ ˆˇ˙ ˆ...

Page 1: ˆ˚ˇ˘˙ ˘˙ - not.kgnot.kg/wp-content/uploads/2017/01/17.pdf18 ˜˚˛˝˙ˆˇ˘ ˝ˆ ˆˇ˙ ˆ ˛˙˘ˆˇ « ˇ˙ ˘ˇ ˇˆ ˚ ˆ 3 4 2016 ISS 16945220 This article is devoted

17

I. Технические науки

Таш Узгенского района, ряд сел Баткенской области, село Араван Араванского района и др.), где потребляемая из колодцев и артезианских скважин вода - соленая. Ее необходимо опреснять. Все это, несомненно, даст не только экономический, но и социальный эффект - улучшится здоровье населения. Как показывает практика, это существенно снижает мочекаменное заболевание населения.

Литература:1. Пат. 1825 Кыргызская Республика, МПК F 24 J 2/42. Солнечная опреснительная установка

[Текст] / А. И. Исманжанов, З. К. Эрмекова; Бишкек. – Бюлл. №2.2. Байрамов, Р. Опреснение воды с помощью солнечной энергии [Текст] / Р. Байрамов, С.

Сеиткурбанов. – Ашхабад, Ылым. – 1977. – 147 с.

УДК:371.3057,875.

Токтосунов А.А.кандидат педагогических наук, доцент, Ошский технологический университет

Токтобаева Г.Т.преподаватель, Ошский технологический университет

ИНЖЕНЕРДИК ГРАФИКА САБАГЫН ОКУТУУНУН УЧУРДАГЫ КӨЙГӨЙЛӨРҮ

Бул макала техникалык жогорку окуу жайларда инженердик графика сабагын окутуудагы көйгөйлөргө жана анын чечүү жолдорун аныктоого багытталган. Мында, компьютердик программаларды үйрөнүү жана талдоо усулдары колдонулган. «Инженердик графика» сабагындагы тапшырмаларды аткаруу үчүн AutoCAD программасын пайдалануу максатка ылайыктуулугу көрсөтүлгөн. Алынган жыйынтыктар, инженердик-техникалык документтерди компьютердик программалардын жардамында аткарууда жеңилдиктерди жаратат жана аталган окуу жайларында инженердик графика сабагын терең өздөштүрүүгө, жаңыча усулда сабак берүүгө жакшы шарттарды жаратат.

Негизги сөздөр: графика, AutoCAD программасы, техникалык чийме, конструктордук документ, технология, тиштүү дөңгөлөк, массив, көрүнүш.

СОВРЕМЕННЫЕ ПРОБЛЕМЫ ПРЕПОДАВАНИЯ ИНЖЕНЕРНОЙ ГРАФИКИ

Данная статья посвящена изучению и решению проблем преподавания инженерной графики в технических вузах. Использованы методы обзора и анализа компьютерных программ. Определено целесообразность применения компьютерных программ AutoCAD для выполнения заданий по дисциплине “Инженерная графика”. Полученные результаты позволяют легко выполнят инженерно-техническую документация с помощью компьютерных программ. Рекомендуются для разработки новых методов преподавания инженерной графики в технических вузах на основе компьютерных программ.

Ключевые слова: графика, AutoCAD, технический чертёж, конструкторская документация, технология, зубчатое колесо, массив, вид.

MODERN PROBLEMS OF TEACHING OF ENGINEERING GRAPHICS

Page 2: ˆ˚ˇ˘˙ ˘˙ - not.kgnot.kg/wp-content/uploads/2017/01/17.pdf18 ˜˚˛˝˙ˆˇ˘ ˝ˆ ˆˇ˙ ˆ ˛˙˘ˆˇ « ˇ˙ ˘ˇ ˇˆ ˚ ˆ 3 4 2016 ISS 16945220 This article is devoted

18

Международный научный журнал «Наука. Образование. Техника». – № 3, 4, 2016. ISSN 1694-5220

This article is devoted to studying and solving the problems of teaching of engineering graphics in technical colleges. The methods of review and analysis of computer programs. Determine the feasibility of using computer programs AutoCAD to perform tasks for the discipline “Engineering Graphics”. These results make it easy to perform engineering and technical documentation with the help of computer programs. Recommended for the development of new methods of teaching of engineering graphics in technical colleges based on computer programs.

Keywords: drawing, AutoCAD, technical drawing, design documentation, engineering, gear, solid, form.

Азыркы илимий техниканын, технологиянын өсүү-өнүгүү доорунда заманбап компьютердик технологиялардын автоматташтырылган программаларынын жардамында (Auto CAD, Arсhi CAD, Adobe Illustrator, REVIT, 3Ds MAX, Corel Draw, Adobe Photoshop ж.б.у.с.) конструктордук, инженердик-конструктордук документтерди түзүү, иштеп чыгуу, чийүү учурдун талабы.

Бирок инженердик графика сабагында аталган компьютердик программалар менен практикалык сааттарда берилген маселелерди аткаруу биздин байкоолорубузда бир топ көйгөйлөрдү жаратарын белгилеп кетебиз:окуу планында берилген аудиториялык сааттар мамлекеттик стандарт боюнча кээ бир

адистиктерге азыраак бөлүнүп берилген;чийме эрежелерин студенттерге үйрөтпөстөн компьютердик программаларда

практикалык маселелерди аткарууга мүмкүн эмес;инженердик графикада берилген мисалдарды биринчи сөзсүз түрдө чийүү

инструменттери аркылуу колдо аткаруу, андан кийин татаал чиймелерди өтүлгөн теманын негизинде компьютердик программалардын жардамында аткартуу максатка ылайыктуу;чийме маселелерди аткарууда иреттүүлүк башкача айтканда чийме маселелерин

удаалаштык тартипте аткартуу шарт.Жогорудагы же жана башка орчунду деп айтылган көйгөйлөргө карабастан жогорку окуу

жайларда техникалык багыттагы окуган студенттерге инженердик графика сабагын учур талабына ылайык окутуу максатында биз башка республикадагы жогорку окуу жайлар сыяктуу ОшТУнун Сызма геометрия жана графикалык дизайн кафедрасында лидер катары бизге белгилүү болгон автоматташтырылган конструкциялоонун Auto CAD системасын окутууну колго алганбыз.

Бул система конструктордук, инженердик-графикалык документтерди түзүү үчүн жана электрондук сактоо үчүн ыңгайлуу инструмент катары дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө, ошондой эле биздин өлкөнүн алдынкы өндүрүштөрүндө, курулуш долбоорлорунда, архитектурада жана башка тармактарда кеңири колдонулуп келүүдө.

Ошондуктан, окуу программасында каралган инженердик графика сабагы боюнча текшерүү жумуштардагы практикалык көнүгүүлөр, мисалдар, графикалык иштер, интерактивдүү сабактар жана тапшырмаларды Auto CAD программасынын алкагында персоналдык компьютерде аткаруу менен студенттер өздөрүнүн теориялык алган билимдерин бышыктай алышат жана практика жүзүндө колдонушат.

Биз өзүбүздүн иш тажрыйбабызда жана көп жылдык педагогикалык изилдөөлөрүбүздөн

Page 3: ˆ˚ˇ˘˙ ˘˙ - not.kgnot.kg/wp-content/uploads/2017/01/17.pdf18 ˜˚˛˝˙ˆˇ˘ ˝ˆ ˆˇ˙ ˆ ˛˙˘ˆˇ « ˇ˙ ˘ˇ ˇˆ ˚ ˆ 3 4 2016 ISS 16945220 This article is devoted

19

I. Технические науки

байкалгандай Auto CAD системасында конструктордук документтерди, графикалык иштерди студенттерге аткартуу менен практикалык сааттарга берилген графикалык иштер төмөндөгү артыкчылыктарга ээ:

1. Компьютердик программалар аркылуу аткарылган графикалык иштердин көрүмдүүлүгү жана презентациялуулугу жогорулайт. Конструктордук документтерди түзүүдө, геометриялык түспөлдөрдү мелдештирүүдө, архитектуралык-курулуш же машина куруучу чиймелерин аткарууда, тегиздиктерде же мейкиндиктердеги бир канча көрүнүштөрүн бир убакта студенттер көрүүгө ээ болот. Түспөлдөрдү түрдүү көрүнүштө көрсөтүлүп аткаруу менен бирге программа (3D) үч өлчөмдө аларды моделдештирүүгө жана түрдүү көрүнүштөрдө көрүүгө жана бир канча чийме операцияларын мисалы, эки же андан көп түспөлдөрдү бириктирүү, ажыратуу, кесилиштирүү ж.б.у.с. маселелерди аткарууга студенттерге мүмкүндүк түзөт;

2. Жогорку эмгек өндүрүмдүүлүгү жана конструктордук документтештирүүнүн сапаттуулугу жогорулайт. Конструктордук жана инженердик графикалык иштерди, долбоорлорду, ыкчам, тез убактын ичинде жана так аткарууга, көбөйтүүгө, сактоого, алып жүрүүгө, маалымат иретинде жөнөтүү ж.б. мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Чийме өлчөмдөрүнүн алдын ала көрүнүп турушу, чиймени тез жана так аткарууга, өлчөмдөрдү бир эле убакта коюп кетүүгө жардам берет. Чиймелерди көчүрүү, “Массив” командасы аркылуу көбөйтүү сыяктуу операциялар убакытты үнөмдөө менен бирге, чиймени тез, так аткарууга ыңгайлуулук түзүлөт;

3.Графикалык иштерди аткарууда Auto CAD программасынын инструменттеринин ийкемдүүлүгү, ыңгайлуулугу жана көп кырдуулугу, конструктивдүүлүгү менен айырмаланат. Панель инструменттерин, менюдагы командаларды өздөштүрүү аркылуу дээрлик бардык чийме операцияларын: долбоорлоо документтерин, конструктордук документтерди, техникалык чиймелерди, геометриялык түспөлдөрдү ж.б. чийме операцияларын түрдүү ыкмалар менен аткарууга шарт түзөбүз ж.б.

Компьютердик программаларынын алкагында инженердик графика сабагын окутууда 1-курстун студенттери үчүн төмөндөгү иреттүүлүк менен практикалык жумуштарды аткаруу каралган:

1. Графикалык маалыматтарды киргизүү, түзүү жана сактоо ыкмаларын, өзгөчөлүктөрүн үйрөтүү. Көрүнүштөрдү, түспөлдөрдү, таблица, тексттерди, графикалык иштерди редактирлөөнүн ыкмаларын өздөштүрүү;

2. Катмар (Слой) түзүү жана ал аркылуу чийме сызыктарын, чийме шрифттерин түзүү, өзгөртүү операцияларын үйрөтүү;

3. Компьютердик технологиялар аркылуу берилген чийме боюнча түспөлдөрдүн тегиздиктеги, мейкиндиктеги геометриялык түспөлүн чийүүнү, үч же андан көп көрүү экранын түзүү;

4. Масштаб менен иштөө, “Массив” командасы аркылуу түспөлдөрдү көбөйтүү, штрихтөө, түстөргө боёо сыяктуу командалар менен иштөө;

5. Окуу программасында каралган темалар боюнча текшерүү жумушта геометриялык түспөлдөрдүн, ошондой эле геометриялык фигуралардын (айлана, үч бурчтук, тик бурчтуктар, цилиндр, конус, көп бурчтуктар ж.б.) мейкиндиктеги жана тегиздиктердеги абалын компьютердик технологияларда чийүү, алардын геометриялык түзүлүштөрүн (жанымалар,

Page 4: ˆ˚ˇ˘˙ ˘˙ - not.kgnot.kg/wp-content/uploads/2017/01/17.pdf18 ˜˚˛˝˙ˆˇ˘ ˝ˆ ˆˇ˙ ˆ ˛˙˘ˆˇ « ˇ˙ ˘ˇ ˇˆ ˚ ˆ 3 4 2016 ISS 16945220 This article is devoted

20

Международный научный журнал «Наука. Образование. Техника». – № 3, 4, 2016. ISSN 1694-5220

жанышуулар, кесилиштер, жара кесилиштер, көрүнүштөр темалары боюнча), өзгөртүп түзүү усулдарын жана ыкмаларын Auto CAD программасынын командалары, инструменттери менен иштөө;

6. Геометриялык түспөлдөрдү үч өлчөмдө модельдештирүү. Орбиталык айлануу системасын түзүү;

7. Көрүнүштөрдү файлда сактоо, жөнөтүү, өчүрүү, басмага чыгаруу, ж.б. ыкмаларын үйрөтүү.

Жогорудагы иреттүүлүк менен AutoCAD программасында аткарылган жумуштар колго аткарылган чиймелерден бир топ айырмаланып тураарын төмөндөгү мисалдардан көрүүгө болот (1-сүрөт).

Бул мисалды аткарууда студенттер берилген вариант боюнча геометриялык түспөлдөрдү түзүү үчүн мисал катары III вариантындагы берилген тапшырманын аткарылышын карайбыз. Тапшырмадагы мисалдар айлана, айлананы бөлүктөргө бөлүү темасынын алкагында берилген. Тетиктин көрүнүшү 1-сүрөттө көрсөтүлгөн. Тапшырманы аткаруу берилген өлчөм боюнча төрт айлананы түзүү менен башталат. Ал үчүн “Рисование” менюсунан “Круг” командасын же инструменттер панелинен белгисиндеги команданы колдонуп, ø = 90 айланасын чийебиз. Берилген графикалык иштерди аткарууда Айлананы 11 бөлүктөргө бөлүү үчүн түзүлгөн ø = 90 айланасынын үстүнкү октук кесилишинен түзүлгөн айлана алабыз. “Редактировать” - “МАССИВ” маршруту, же оң жактагы инструмент панелинен белгисиндеги команда берүү

аркылуу жааны, окторду, сынык сызыктарды көбөйтөбүз (2-сүрөт). Айлананы көбөйтүүдө “Массив” менюсунан “Круговой массив” опциясына киребиз, программа элементтер санын сурайт (“Число элементов”), – 11 цифрасын киргизебиз. Программа айлануу бурчун сурайт (угол заполнения:) – 360 маанисин беребиз. Программа айлананын борборун сурайт, (Укажите центр ?), айлананын борборун белгилеп төмөндөгү көрүнүштү алабыз (2-сүрөт).

1-сүрөт. Тиштүү дөңгөлөк.

Page 5: ˆ˚ˇ˘˙ ˘˙ - not.kgnot.kg/wp-content/uploads/2017/01/17.pdf18 ˜˚˛˝˙ˆˇ˘ ˝ˆ ˆˇ˙ ˆ ˛˙˘ˆˇ « ˇ˙ ˘ˇ ˇˆ ˚ ˆ 3 4 2016 ISS 16945220 This article is devoted

21

I. Технические науки

Тетик операциядан кийин логикалык комбинациядан 3 телодон же геометриялык түспөлдөн турат: жылдызчадан, эки цилиндрден. Алар бири-бири менен өз ара биригишет. Эки айлананы өзүнчө бир деталь, 11 бөлүккө бөлүнгөн негизги жылдызча менен ортоңку айлананы бир деталь же област кылып алабыз.

Тетикти өз алдынча үч өлчөмгө өткөрүү үчүн менюдан “Рисование”-“Моделирование” – “Выдавить” маршруту аркылуу же белгидеги командасын басабыз. Канча көлөмгө көтөрүү

3-сүрөт. Тиштүү дөңгөлөктүн айланага бөлүнгөн көрүнүшү.

2-сүрөт. “Массив” инструментинин көрүнүшү.

Page 6: ˆ˚ˇ˘˙ ˘˙ - not.kgnot.kg/wp-content/uploads/2017/01/17.pdf18 ˜˚˛˝˙ˆˇ˘ ˝ˆ ˆˇ˙ ˆ ˛˙˘ˆˇ « ˇ˙ ˘ˇ ˇˆ ˚ ˆ 3 4 2016 ISS 16945220 This article is devoted

22

Международный научный журнал «Наука. Образование. Техника». – № 3, 4, 2016. ISSN 1694-5220

суралат (“число выдавливание”), керектүү маанини беребиз, мисалы 20 мм болсо, тетиктин көлөмү 20 мм ге өсөт (3-сүрөт). Экрандагы түзүлгөн көрүнүштү көрүү экраны аркылуу же инструмент панелиндеги орбита белгиси аркылуу үч өлчөмдүү геометриялык түспөлдү

мейкиндикте айлантабыз. “Орбита” инструменттери аркылуу түзүлгөн түспөлдү түрдүү визуалдык стилде көрүүгө ээ болобуз.

Жыйынтыгында студенттер графикалык иште берилген тетикти Auto CAD программасынын алкагында аткаруу менен тетиктин түрдүү көрүнүшүн көрө алат.

Жогоруда графикалык иштерде берилген варианттар боюнча аткарылган чиймеде тетиктин чиймеси Auto CAD программасынын алкагында аткарылып кошумча штрихтер берилгени байкалат.

Жалпысынан айтканда инженердик графика сабагын студенттерге заманбап технологиянын

4-сүрөт. Тиштүү дөңгөлөктүн үч көрүнүшү.

Page 7: ˆ˚ˇ˘˙ ˘˙ - not.kgnot.kg/wp-content/uploads/2017/01/17.pdf18 ˜˚˛˝˙ˆˇ˘ ˝ˆ ˆˇ˙ ˆ ˛˙˘ˆˇ « ˇ˙ ˘ˇ ˇˆ ˚ ˆ 3 4 2016 ISS 16945220 This article is devoted

23

I. Технические науки

алкагында окутуу менен келечектин адистерин жогорку деңгээлде даярдоо өлкөбүздүн өсүп өнүгүшүнө чоң өбөлгө түзөт.

Адабият:1. Полещук, Н. Н. AutoCAD в инженерной графике [Текст] / Н. Н. Полещук, Н. Г. Карпушкина.

– СПб: Издательский дом «Питер», 2005. – 494 с.2. Артюхин, Г. А. «Основы гео метрического моделирования» в рамках графического редактора

AutoCAD-14 [Текст]: метод. пособие / Г. А. Артюхин. – Казань, 2009 – 32 с.3. Жусупов, А. А. Инженердик графика [Текст] / А. А. Жусупов. – Ош: ОшТУ, 2002. – 97 с.

5-сүрөт. Сөйкөнүн үч өлчөмдө көрүнүшү.